16.07.2018 10:18

ДКО катчылыгы:  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бюджеттин таңсыктыгына таасир этпейт 

ДКО катчылыгы:  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бюджеттин таңсыктыгына таасир этпейт 

 III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары алдын-ала пландалган иш-чара болгондуктан, аны өткөрүү бюджет таңсыктыгына таасир бербейт. Бул туурасында ДКО катчылыгынан билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин жергиликтүү агенттиктердин биринде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн кесепетинен экинчи жарым жылдыкта өлкөнүн бюджетинде таңсыктык жаралат деген маанидеги материал чыккан.  Буга жооп кылып, III ДКО өткөрүү жана даярдоо боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 307 млн сом бөлүнгөнүн билдирди. Дагы ушунча суммадагы каражатты демөөрчүлөр беришет. Андыктан, ДКО чыгымдары жылда белгиленип жүргөн маданий иш-чаралардын чыгымынан ашпайт.

«Казынадан 307 млн. сом бөлүнгөн, доллар менен 4 млн.500. Бул каражат конокторду жайгаштырууга, костюмдарды тигүүгө, трансфер, ачылыш жана жабылыш салтанаты үчүн жасалгаларды даярдоого,техника жана башкаларга кетет. Мынча суммадагы каражатты демөөрчүлөр да көрсөтүшөт. Долбоордун башкы демөөрчүсү «Кумтөр» менен «Мегаком» мобилдик оператору. Алардан башка да ата мекендик өндүрүүчүлөр колдоо көрсөтүп жатышат. Андыктан, ДКО дефицитке алып келет деш-туура эмес», - деп билдирди ал.